Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, Париж Олимпиадасындагы кыргыз спортчуларын түзүлгөн шарт боюнча сындарга жооп берди. Жапаров уюштуруу боюнча Кыргызстандын Олимпиадалык комитетинен кемчиликтер болгонун, бирок жалпы жолунан спортчуларга жетишерлик кам көрүлүп жатканын белгиледи.
Президент «Биз акыркы төрт жылда спортчуларыбызга жакшы эле көңүл буруп келе жатабыз. Ошол үчүн мына бүгүнкүдөй жыйынтыктар болуп, медалдарды алып атышат. Эми ушуга да шүгүр дейли. Мурда эптеп эле катышып келсек болду деп жүргөн болсок, бул ирет эң жок дегенде 3 алтын медаль алышыбыз керек деген амбициябыз пайда болду.Экинчиден, албетте, уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитеттен кемчиликтер бар.
Мисалы, диетолог менен психолог жагын да карап коюшса болмок. Ал эми тамак-аш жагынан уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз. Кыскасы, баскан-тургандары кененирээк болсун дегенбиз», — деди.
Мындан тышкары мамлекет башчысы тамак-аш боюнча да токтолгон: «Парижде тамак-ашы кенен эле экен. Бирок тамак-аштын түрлөрү бирине жакса, экинчисине жакпашы мүмкүн. Бири балык жегиси келсе, башкасы эт жегиси келет дегендей. Биз кыргыздар этсиз тура албайбыз да. Ошол үчүн ар бир спортчубуз өз курсагына кам көрүш керек болчу.
Мурдагыга караганда спортчуларыбызга азыр Кудайга шүгүр эле көңүл буруп жатабыз. 3 жылдан бери, мисалы, күрөшчүлөрүбүзгө эң кымбат деген витаминдерин камсыз кылып келдик. Бир жылда эле 4 миллион сом каражат жумшалат экен», — деп белгилеген.