“КР судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган конституциялык мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесине өзгөртүү киргизилет, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн судьялык стажга талап белгиленет (биринчи инстанцияда 3 жыл жана экинчи инстанцияда 2 жыл).

Мындан тышкары, кабыл алынган конституциялык мыйзамда жакын туугандары мыйзамда белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп табылган же болбосо оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адам жергиликтүү соттун, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьясы боло албайт деп каралган.

Ошондой эле кабыл алынган конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн талапкер В1 деңгээлинен төмөн эмес мамлекеттик тилди билгендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын сертификатынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, ошондой эле талапкердин жана анын жакын туугандарынын соттуулугу жоктугу жөнүндө же мыйзамда белгиленген тартипте талапкердин жакын туугандарынын соттуулугу жоюлгандыгы жөнүндө маалымкатты берүүгө тийиш.

Ошону менен бирге, конституциялык мыйзамдын 1-беренеси менен “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 24-беренесине өзгөртүү киргизилет, ага ылайык конкурстук тандоодо аңгемелешүүгө ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтө элек иштеп жаткан судьяларга да уруксат берилет.