Кыргызстандын жарандарына тийешеси жок. Эдила Байсалов Россиядагы мыйзамга өзгөртүүлөр жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Россия Федерациясында эмгектенген мигранттарга жаңы тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу социалдык тармактарда комментарий берди. Мыйзам долбооруна ылайык, мигранттарга медицина, билим берүү тармактарында жана айлык акысы 100 миң рублден ашкан учурда курьер болуп иштөөгө тыюу салынат.

«Биз бул жана башка Мамлекеттик думада талкууланып жаткан түзөтүүлөр жана чектөөлөр Кыргызстандын жарандарына тиешеси жок деген түшүнүктөн чыгуудабыз. ЕАЭБнин негизги принциптерине ылайык, биздин жарандар эмгек рыногуна эркин жана тең укуктуу жеткиликтүүлүккө ээ. Биздин жарандарды үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттарына теңеп башкача чечмелөө болгон учурда, биздин элге ЕАЭБге катышуунун маанисин түшүндүрүү абдан кыйын болот», — деп жазган ал.

Буга чейин, Россия Мамлекеттик думасында мигранттарга мектептерде, ооруканада жана таксиде иштөөгө тыюу салуу демилгеси каралып жаткандыгы тууралуу кабарланган. Мыйзам долбоору депутаттардын кароосуна киргизилди.