Данияр Сатаров Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды

Данияр Сатаров Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бүгүн, 23-июлда жаңы мэр муниципалитеттин жамаатына жана активине тааныштырылды.

Сатаров 1988-жылы 11-майда Түп районунун Талды-Суу айылында туулган.

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде англис тили мугалими адистиги боюнча билим алган.

Буга чейин райондук администрацияларда ар кыл кызматтарды аркалаган.