Бишкекте эки гана троллейбустук каттам жүрүүдө

Муниципалитеттен билдиришкендей, катттамдаршаарда жолдорду капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүнө байланыштуу өзгөртүлдү.

Ошентип, 7-июлда Абдырахманов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнүн ортосундагы тилкесинде оңдоо иштери башталды. Буга байланыштуу № 2, № 4 жана № 7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулду. Учурда эки гана троллейбус каттамы жүрүүдө – №11 жана №14.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.