Зулушев Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти

Курманкул Зулушев Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган уюм билдирди.

Кезексиз жыйында эксперт Рамис Кудайбергенов белгилегендей, Курманкул Зулушев уюмду жаш, энергиялуу жетекчи башкарышы керек деген пикирге келип, өз каалоосу менен кызматын өткөрүп берүүнү чечкен. Мурдагы башкы прокурор анын ордуна сунушталып жаткан Айбек Абылкасымовдун талапкерлигин колдой турганын билдирди.

Уставга ылайык, федерациянын жетекчисинин милдетин биринчи вице-президент Нурлан Максүтов аткарат. 17-июлда конференциянын жыйыны болуп, анда жаңы президент шайланат.

Кезексиз жыйында эксперт Рамис Кудайбергенов Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет. Ал ДКОдогу мелдештердин форматы, калыстар, аттар, ветеринардык талаптар, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, тараптар бул маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келе алышканын билдирди.