Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду

Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Уланбек Тотуяев бул кызматка 2021-жылдын июль айында дайындалган.