Таласта жааган мөндүр 50 га эгин талаасына зыян келтирди 

Бакай-Ата районунда 24-июнда саат 16:00дөр чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, табигый кубулуштун кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон жана 1-Май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин талааларына зыян келтирилген.

Ошондой эле Боо-Терек айылында каттуу шамалдан болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана район акими абалды жеринде көрүштү.

Белгиленгендей, бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзөт.