Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрь айында башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ушул жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК” мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Сакиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курулуш жалпысынан алты жылга жакын созулат.

«Ырастоо үчүн биз жол картасына кол койдук, анда биргелешкен ишкана кайсы мөөнөттө иштей турганы так көрсөтүлгөн», — деди Азамат Сакиев.

Бул жол картасы боюнча кененирээк маалымат берүүнү депутат Гуля Кожокулова суранды.

Азамат Сакиев белгилегендей, бүгүн Кытай, Өзбекстан өкмөттөрү менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ортосундагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорун илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тараптарга биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүндүк берет.

Андан ары тараптар инвестициялык келишимге кол коюуну көздөшүүдө. Бул 2024-жылдын сентябрына пландаштырылган.

Эске салсак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун координациялоо боюнча кеңсе Бишкекте 2023-жылдын январында ачылган. Ал курулуш иштерин тездетуу боюнча биргелешкен чараларды координациялайт. Кытай темир жол курулуш корпорациясынын долбоорлоо-изилдөө институту долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда.

Долбоордун жалпы баасы 4 миллиард 700 миллион долларды түзөт. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Кыргыз Республикасы кытай банктарынан насыя алууну көздөп жатат.