Кыргызстанда социалдык аялуу катмардагы балдардын эс алуусуна бөлүнгөн каражат көбөйтүлдү

Children sitting on beach with color balloons.

Министрлер Кабинети аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн балдарынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйттү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы мезгилде эс алуусун жана ден соолугун чыңдоо боюнча иштерди уюштуруу тапшырылды.

Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунун максаты жайкы мезгилде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана ишке орноштурууну уюштуруунун жол-жоболорун оптималдаштыруу болуп саналат. Министрлер кабинетинин бул буйругу менен балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга 15 млн сом бөлүнөт. Буга чейин бул максаттарга жыл сайын 5 млн сом бөлүнчү.

Жыл сайын балдар президенттин администрациясына караштуу “Алтын-Балалык” ден соолук жана реабилитациялык борбору» мамлекеттик мекемесине жөнөтүлөт.

2023-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын отурумунда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эң көп камтуу, ошондуктан республикалык бюджеттен каржылоонун көлөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынган.