
Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Талайбек Байгазиев вице-мэрлик кызмат менен бирге мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн Отун-энергетикалык комплекс департаментин жетектейт.
Буга чейин энергетика министринин орун басары болгон. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы муниципалитеттин балансына өткөндүгүнө байланыштуу которулган.