Ошто мыйзамсыз жүргөн мигранттар аныкталды

Дээрлик 600 миң сомго айып пул салынды

Ош шаарында 3-июндан 9-июнга чейин мыйзамсыз миграциянын каналдарын аныктоо максатында “Мыйзамсыз жол кыймылы” аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, рейддин жыйынтыгында чет элдик жарандардын эмгегин мыйзамсыз пайдаланган 7 факты аныкталып, тиешелүү материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп, учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат.

Рейддин жүрүшүндө чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдаланган юридикалык жана жеке жактарга, Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү жана иштөө эрежелерин бузган чет өлкөлүк жарандарга 97 протокол түзүлдү. Жалпысынан 548 миң сомдук айыптар салынган.