Ысык-Көлдө мамонттун сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң дарыясынын байыркы жайылмасынын кумдуу жерлеринде карьердик иштер учурунда мамонттун сөөгү табылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, карьердин ээси Р.Карыпбаев сөөк табылганын дароо маалымдаган. 3-июнда Маданият министрлигинин өтүнүчү менен археологдор А.Абдыканова жана А.Эмил уулу эки студент — Н. Султанов жана Б. Садылдаев менен жерине жөнөп кеткен.

Текшерүү учурунда карьердин 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл кендеринен бири-биринен 140-150 метр аралыкта эки башка жерден мамонттун тишинин жана астыңкы жаактарынын сыныктары табылганы белгилүү болду. Азуу табылган жерди тазалоодо көмүлгөн сөөктүн бир бөлүгү табылды.