Чикаго шаарында “Kyrg Demy” кыргыз исскуство академиясы ачылды 

 Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов иш сапары менен Чикаго шаарына барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ал иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого жана Кыргызстандын маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган бир катар жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрдү.

Андан кийин ал Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунда кызматкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, консулдуктун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле “Kyrg Demy” кыргыз исскусство академиясынын салтанаттуу ачылышына катышуусу мамлекеттик катчынын иш сапарынын маанилүү окуясы болду. Аталган академиянын иши кыргыз искусствосун жана маданиятын жайылтууга багытталган жаңы демилге.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө мындай долбоорлордун маданий мурастарды сактоо жана кыргызстандыктардын жаңы муунун алардын ата-тегин сыйлоо духунда тарбиялоо үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик катчы салттуу кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер жана көркөм өнөр чыгармалары коюлган кыргыз этно-маданий көргөзмөсү, ошондой эле “Kyrgyz Community Center” кыргыз коомдук бирикмесинде ачылган кыргыз тил жана улуттук бий боюнча класстары менен таанышты.

Иш сапардын соңунда Сүйүнбек Касмамбетов Чикагодогу кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуп, мекендештер менен өз ара аракеттенүү, маданий-агартуу демилгелерин колдоо маселелери талкууланды.

Мамлекеттик катчынын Чикагого болгон иш сапары Кыргызстан менен анын АКШдагы диаспорасынын ортосундагы байланышты чыңдоодо, кыргыз маданиятын жайылтууда жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүүдө маанилүү кадам болду.