Бишкекте жаш жигит сабалып өлтүрүлдү

Кылмышка шектүү делип 19 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды

Бишкекте жаш жигитти сабап өлтүргөн, кылмышка шектүү кармалды.

Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, 16-майда саат 1.30дар чамасында Ат-Басара көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан белгисиз адамдар 21 жаштагы Н.Д.ны сабап кетишкен. Кийинчерээк жигит алган жараатынан улам каза болгон.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.А. кармалды. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.