Бомба табылган жок. «Манас» аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

«Манас» аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бул жөнүндө  «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, имараттан бомба табылган эмес.

Эскерте кетсек, эртең менен аэропорттун электрондук почтасына бомба коюлду делген маалымат келип, миллион сом которууну талап кылышкан.