Бишкекте тигүү цехинде мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар кармалды 

 Бишкекте тигүү цехинде мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын атайын кызматы билдирет.

УКМК тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, күн мурун, 15-майда Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны аныкталды. Тактап айтканда, алардын визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен.

Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.