Токмок шаардык ооруканасында балдардын соматикалык бөлүмү ачылды 

Токмок шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунда патология менен төрөлгөн ымыркайлардын жана балдардын соматикалык бөлүмү расмий ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Чүй облусунун башчысынын орун басары Гүлмира Кыштобаева, Кувейт Аль-Сафа фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Алшая, Токмок шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Бөлүмдүн курулушу толугу менен “Ас-Сафа борбору” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынанжалпы суммасы 42 млн сомдон ашык каражатка каржыланды.

Жалпы аянты 634 чарчы метр болгон эки кабаттуу бөлүм тамбур, вестибюль, күтүү зонасы, бөлүм башчынын бөлмөсү, каттоо жайы, кароо бөлмөсү, дарыгерлердин бөлмөлөрү, кызматкерлердин бөлмөсү, медайымдардын бөлмөсү, стерилизация бөлмөсү, алты күндүзгү стационар бөлмөлөрү, душ бөлмөсү, эмдөө бөлмөлөрү, процедуралык бөлмөлөр, медициналык буюмдарды сактоо жана чарбалык бөлмөлөрдү камтыйт. Ошондой эле имарат медициналык жабдуулар жана керектүү эмеректер менен толук камсыздалган.