Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азая баштады

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азая баштады. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-майга карата жалпысынан кызамыктын 9 миң 509 учуру катталган.

Негизинен кызамык менен 1 жашка чыга элек ымыркайлар (профилактикалык эмдөөлөрдүн календарына ылайык вакцинанын биринчи дозасын алганга чейин) жана 1 жаштан 8 жашка чейинки балдар ооруп жатышат.

Мекеме билдиргендей, профилактикалык эмдөөлөрдүн календары боюнча Кыргызстанда кызамыкка, эпидемиялык паротитке жана кызылчага каршы вакцина бала 1 жашка чыкканда (биринчи доза) жана 2 жашка толгондо (экинчи доза) сайылат. Мындан тышкары, өлкөдө кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгү өтүп жатат.