Кыргызстанда саат 10.00 8-майга карата 63 миң 144 бала биринчи класска катталды. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Бишкектеги беш мектепте орундар толуп калды. Алар:
- француз тилин тереңдетип окутуучу № 26 гимназия-комплекси;
- № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
- № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
- Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
- англис тили багытындагы № 13 мектеп-гимназиясы.
Ош шаары боюнча азырынча толгон мектептер жок.
Эске салсак, Кыргызстанда 8-апрелде мектепке электрондук каттоо башталган. Ал автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.
- I этап — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин;
- II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин болот.
Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) биринчи класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт. Электрондук каттоо тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу: саат 12:00-13:00 арасы.