Бишкекте аялын сабаганга шектелип 28 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга Б.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жолдошу К.Т. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Анда жабырлануучу 21-апрель күнү Кара-Жыгач конушунда үйүнүн короосунда жолдошу эч себепсиз сабап, денесине залал келтиргенин билдирген.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (“Бейбаштык”) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган К.Т. аттуу жаранды кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаардык милициясы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды жана күбө болгон адамдарды жакынкы милиция кызматкерине же “102” кыска номери аркылуу тез арада кабарлап коюуга чакырат.