Орусиянын ондон ашык аймагында мигранттарга таксиде иштөөгө тыюу  салынды

Камчатка аймагы, Новосибирск, Тула, Калуга, Челябинск облустары, Крым жана Якутия сыяктуу 10дон ашык аймактарда мигранттардын таксиде иштөө мүмкүнчүлүгү чектелди. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазып жатышат.

Тыюу мыйзамсыз мигранттардын таксиде иштеген учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу киргизилгени маалым болду. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул кылмыштуулуктун өсүшүнө байланыштуу болуп жатат.