20-апрелден тарта карызы бар кыргызстандыктардын газы өчүрүлөт

«Бишкекгаз», «Чүйгаз», «Ошгаз» жана «Жалалабатгаз» газ кызматтары 2024-жылдын 20-апрелинен тарта карызы топтолгон абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотуларын маалымдайт.

Өчүрүү аралыктан электрондук клапандарды колдонуу менен жүргүзүлөт.

Газ кызматтары белгилегендей, абоненттер менен иштөөдө жылдын суук мезгилинде ишенимдүү газ менен камсыз кылуу зарылчылыгына ар дайым түшүнүү менен мамиле кылып, ошондуктан абоненттерге 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде жаратылыш газын берүү улантылган.

Мындан тышкары, төлөбөгөндөр газды тышкы жеткирүүчүнүн алдындагы келишимдик милдеттенмелерди өз убагында аткаруу зарылчылдыгынан улам керектелген жаратылыш газы үчүн акы төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир нече жолу эскертилген.

Газ кызматтары аргасыз чараларды түшүнүү менен кабыл алууну жана жакынкы күндөрү жаратылыш газына болгон карыздарды төлөөнү суранышууда. Айдын биринчи күнүнө карата карыздын суммасы/баланс жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан билип алса болот:

  1. 4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз);
  2. www.gazprom.kg сайты;
  3. MEGAPAY, O!Деньги, Balance.kg электрондук кошелектор.