«Тазалык» таштандыларды саат 19.00дөн кийин чыгарууну сунуштады

«Тазалык» таштандыларды саат 19.00 дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында таштанды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратууда.

Ар бир баштыкта: «Таштандыларды саат 19:00дөн 24:00гө чейин чыгаруу сунушталат» деп жазылган.

Мэрия бул чаралар жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан жол тыгынына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

«Таштандыларды кечинде чогултуу жол тыгындарын азайтууга гана жардам бербестен, чыгымдарды да азайтат», — деп белгиледи мэрия.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрында мэр Айбек Жунушалиев катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун сааттарын белгилөөнү, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырган. Мэрия таштандыларды саат 19.00дөн 00.00гө чейин чыгаруу коммуналдык кызматтарга мэрия тарабынан бекитилген графикке ылайык, башкача айтканда, 7.00гө чейин чыгарууга мүмкүндүк берерин айткан.