Салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Тынарбек Кошматов “Биринчи радионун” эфиринде жыл сайын өзүнүн соода ишмердигинде контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны өсүп жаткандыгын билдирди.
Анын айтымына караганда, 2024-жылдын 1-апрелине карата өлкө боюнча ККМ аппаратын колдонгондордун саны 78 миң 500гө жетти.
“Бирдиктүү салыктын негизинде иш алып барган стратегиялык объектилерге кирген базарларды кошпогондо, ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды колдонууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү”, — деди Кошматов.