Шектүү кармалды. Россиядан 45 миң долларга унаа алып келип берүүнү убада кылган

Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ш.М. кайрылып, Б.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Б.А. анын ишеничине кирип, Россиядан алты машина алып келип берем деп 45 миң доллар алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1980-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.