Бишкектин айрым жерлеринде 2-апрелде суу өчүрүлөт

 Бишкектин айрым жерлеринде 2-апрелде суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

“Контррезервуар” суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 09:00дөн 19:00гө төмөндү даректерде ичүүчү суу токтотулат.

  • Достоевский, Анкара, Ауэзов – темир жол, көчөлөрү менен чектелет,
  • Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок турак жай конуштары.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.