Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

 Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат, деп маалымдайт Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти.

Линияга 599 автобус, 122 троллейбус жана маршруткалар чыкты.

Эске сала кетсек, 28-мартта болжол менен саат 16:20да Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 18-28 метрге жеткен катуу шамал башталган.

ӨКМдин алдын ала берген маалыматына таянсак, шамалдын кесепетинен жалпы 154 объект жабыркады.

  • Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон;
  • Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.