«Альянс Алтын» Кыргызстандын бюджетине салык катары 16,4 миллиард сом төктү

«Альянс Алтын» компаниясы 2015-жылдан тартып 2024-жылдын март айына чейин Кыргызстандын бюджетине салык катары 16 миллиард 391,4 миллион сом төлөдү. Анын ичинен 11 миллиард 622 миллион сом – алтынды сатуудан түшкөн кирешенин салыгы.

Андан сырткары, ишкана “Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кароого сатуудан түшкөн каражаттан 2%” беренеси боюнча  1,2 миллиард сом бөлгөн:

Анын ичинен:

589 миллион – Талас облусунун Өнүктүрүү фондуна;

353 миллион – Талас районунун Өнүктүрүү фондуна;

235 миллион – Шумкар-Уя айыл аймагынын Өнүктүрүү фондуна.

Учурда “Жерүй” Талас алтын кен комбинатында 751 вахталык кызматкер эмгектенет. Жумушчулардын ичинен 526сы Талас облусунун тургундары (алардын 219у Бекмолдо айыл аймагынын жашоочулары).