Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат 

Бүгүн, 26-мартта Бишкектин борбордук бөлүгүндө көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Чектөө Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй футбол боюнча курама командаларынын беттешине байланыштуу киргизилүүдө. Оюн 2026-жылы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Беттеш саат 20:00дө башталат.

Саат 14:00дөн оюн аяктаганга чейин төмөнкү көчөлөр жабык болот:

  • Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга жана алдын ала маршруттук каттамдарды пландоого чакырат.