ӨКМ: Жер титирөө Бишкекте 2,5 баллга чейин сезилди

 Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында катталган жер титирөө боюнча расмий маалымат таратты.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 19-мартта саат 21:05те катталып, Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 балл, Бишкек шаарында, Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылында, Аламүдүн районунун Арчалы, Арашан, Кой-Таш, Байтик, Таш-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 баллга (Кашка-Суу айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бишкек шаарынан 33 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кошумча маалымат берилет.