Айыл чарба министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, айыл чарба суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин эки жаңы орун басары дайындалды.

  • суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлыгына Асел Кененбаева;
  • суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарлыгына Мирбек Дуйшеев.