“Альянс Алтын” алтын өндүрүү боюнча жаңы рекорд койду

“Альянс Алтын” ЖЧКсы 2023-жылы алтын өндүрүү боюнча жаңы рекорд койгон жогорку натыйжаларга жетишти. Талас алтын кенинде жыл аягында 4,4 миң килограмм баалуу металл эритилген.

Заманбап жабдууларды колдонуунун жана кадрларды активдүү даярдоо менен ишкана өндүрүштүн жана эмгектин коопсуздугунун жогорку деңгээлин сактап келет.

«Альянс Алтын» ишинин алгачкы күндөрүнөн 2023-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын бюджетине 15 миллиард 42 миллион сом салык төлөгөн. Мындан тышкары, компания жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тейлөөгө үзгүлтүксүз акча бөлүп, инвестициялык жана социалдык долбоорлор аркылуу Талас облусунун жана бүткүл өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп келүүдө.

«Альянс Алтын» экологиялык жоопкерчиликтин жогорку деңгээлине умтулуп, калдык сактоочу жайдын экинчи этабын куруп, аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого чоң салым кошууда.

“Альянс Алтындын” негизги баалуулугу – Талас облусунун тургундарынан турган жамааты. Ишкана өзүнүн кызматкерлеринин өнүгүшүнө жигердүү каражат жумшайт.

Жерүйдө 2023-жылдын январь-декабрында дээрлик ар бир кызматкер беш ар кыл багыт боюнча милдеттүү түрдө кайталанган билим сынагынан өткөн.

Мындан тышкары, 605 кызматкер милдеттүү окуудан өтүп, 174 кызматкер квалификациясын жогорулатып, 115 кызматкер биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүп, 17 кызматкер практикадан өтүп, 15 кызматкер ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча атайын окуу курсуна катышты.