
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 28-февраль күнү орун алып, өрт борбор калаанын Ленин районунун Товарная 2 көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт саат 21:27де толук өчүрүлүп, турак үйдөн 5 адам эвакуацияланган. Абалдары туруктуу.
Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн чатырынын болжол менен 170 чарчы метри өрттөнгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.