Кыргызстанда жалпы республикалык тестке онлайн каттоо башталды

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылы Жалпы республикалык тестке каттоо жүргүзүү (онлайн түрүндө) жөнүндө буйругу чыкты.

Ведомстводон билдиришкендей, буйрукка ылайык, Жалпы республикалык тестке бүтүрүүчүлөрдүн өз ыктыярынын негизинде каттоо 2024-жылдын 29-февралынан 4-апрелине чейин жүргүзүлөт.

“Каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүрөт”, – деп айтылат маалыматта.