Камчыбек Ташиев Кыргыз футболдук союзунун президенти болуп шайланды 

Бүгүн, 19-февралда борбор калабыздын “Новотель” мейманканасында Кыргыз футболдук союзунун кезексиз конгресси өттү.

Күн тартибине ылайык, конгресс КФСтин президенти Медербек Сыдыков жана пткаруучу комитетинин курамынын буга чейинки жарыяланган отставкасы кабыл алынды.

Андыктан КФСтин кезексиз конгрессинин күн тартибиндеги маселелердин бири КФСтин жаңы президенттин шайлоо болду. Бул кызматка жалгыз кандидат Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич болгон.

Шайлоо Кыргыз футбодук союзунун уставына ылайык өтүп, ачык добуш аркылуу Камчыбек Ташиев бир добуштан КФС президенттигине шайланды.

Андан сырткары, КФСтин аткаруучу комитетинин жаңы курамы бир добуштан шайланды.