Кепилдик фондунун 2023-жылдагы киреше көрсөткүчү кайрадан 400 млн сомдон ашты

Кепилдик фондунун 2023-жылдагы киреше көрсөткүчү экинчи жолу 400 млн сомдон ашты, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча таза киреше 418,5 миллион сомдон ашты. Бул көрсөткүч мурунку рекорддук көрсөткүчтөн – 2022-жылы белгиленген 411 миллион сомдон жогору болду.

“Кирешенин жыл сайын өсүп жаткан көрсөткүчтөрү, ошондой эле бизнестин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүп жатышы “Кепилдик фонд” ААК ишинин жогорку натыйжалуулугун жана анын өлкөдөгү ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролун тастыктайт”, – деп айтылат маалыматта.

“Кепилдик фонд” ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде 2023-жылдын аягына карата абал боюнча ата мекендик бизнеске 26,4 млрд сомдон ашык суммада кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, 8,2 млрд сомдон ашык суммага кепилдиктерди берген.