«Керемет Банктын» акцияларын министрлер кабинети сатып алат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Министрлер кабинетинин Улуттук банктан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты.

Документке ылайык министрлер кабинети Улуттук банкка таандык «Керемет банктын» акцияларын 7 миллиард 126 миллион 432 миң сомго («Керемет банктын» 100 пайыз таза капиталынын 97.45 пайызы) сатып алат.

Министрлер кабинети тарабынан активди сатып алуу боюнча келишим фондулук биржадан тышкары, тактап айтканда, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине түз которуу жана «Керемет Банктын» баалуу кагаздары бар жеке тараптардын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Ошондой эле мыйзам долбооруна ылайык Улуттук банктан «Керемет Банктын» акцияларынын пакети министрлер кабинетине өтүшү менен ал мыйзамдарда каралган комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат.

Талкуу учурунда айрым депутаттар мыйзам долбооруна каршы чыгышты.