Түнкү клубдарда тинтүү жүргүзүлүп, баңгизатты жеткирип турган курьер кармалды

Баңгизаттарды таратуучу тармакка бөгөт коюлуп, синтетикалык жол менен өндүрүлгөн ири партия кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, синтетикалык наркотикалык заттын ири партиясын сатууга аракет кылуу учурунда А.Р.Н. кармалып, андан жалпы салмагы 1 килограмм 110 граммды түзгөн 6,5 миллион сомго жакын мефедрон заты алынган. Ал курьер болгон жана аталган затты түнкү клубдун кардарларына жеткирип турган.

«Мындан улам, ошол эле түнү жаштар арасында баңгизаттарды таратуу тармагын уюштурууга байланыштуу ички иштер органдары менен биргеликте Бишкек шаарындагы «Хилс», «Молекула», «Кипишь», «Хайв бар» аталышындагы төрт түнкү клубда тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында айрым клубдардан белгисиз жыты бар бир нече таңгактар табылып, аларга экспертиза дайындалган», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү-профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн жогоруда аталган мекемелердин администраторлору, ошондой эле тейлөө кызматкерлери УКМКга алынып келинди. Ал эми жогоруда аты аталган А.Р.Н. аттуу жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК баңгизаттарды тараткандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилигин эскертет.