Чүйдө көз жарган келин каза болду

Чүйдүн Жайыл районундагы аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө көз жарган келин каза тапты. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Министрликтин башкы адиси Раиса Асылбашеванын айтымында, учурда комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат. “Азыр бардык документтерди алып, карап жатабыз. Азырынча эч нерсе айта албайм. Маалымат такталууда. Кызматтык иликтөө жүргүзүлөт”, – деди ал.

Башкы адис кошумчалагандай, каза болгон келин 1988-жылы туулган, ал үй-бүлөсү менен Токтогул районунан көчүп келген.

“Ымыркай канааттандырарлык, бирок апасын жоготуп алдык. Сөөктү экспертизага жөнөтүштү”, – деп белгиледи Асылбашева.