Көңүл бургула! Бишкекте 30-январдан тарта жол кире акысы кымбаттайт

Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттайт. Бул тууралуу мэриядан эске салышты.

Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:

  • Троллейбуста – 17 сом;
  • Автобуста – 17 сом;
  • Маршруткаларда – 20 сом;
  • валидаторлор орнотулган автобус жана троллейбустарда накталай төлөм 20 сомду түзөт.

Пенсионерлер, 7 жашка чейинки балдар, майыптыгы барлар автобус менен троллейбустарда акысыз жүрөт. Ал эми маршруткада мурдагыдай эле 8 сом төлөйт.

Окуучулар “Тулпар картасын 360 сомго сатып алса болот. “Тулпардын” чектөөсүз картасы 1020 сомду түзөт.