Кыргызстандын улуттук курамасы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады.

Бүгүн турнирдин “F” тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында Кыргызстан менен Омандын курамалары Абдулла бин Халиф стадионунда оюн өткөрдү.

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Кожо Жоэл экинчи таймдын 80-мүнөтүндө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип, оюн эсебин теңеди. Бирок Кыргызстан тайпадан кийинки баскычка чыга алган жок.

“Ак шумкарлар” 1 упай менен мелдешти жыйынтыктады.

Кыргызстан менен Оман курамалары тең чыгуу менен Азия Кубогунун “D” тайпасындагы Индонезияга кийинки баскычка өтүүгө жолдомо “тартуулашты”.