«Тазалык» ишканасы таштанды үчүн 600 контейнер сатып алды 

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 600 контейнер сатып алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 400 пластик жана 200 темир контейнер борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жана таштанды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн сатып алынды.

“Таштанды челектери шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда. Туура эмес жерлерде таштанды чыгаруу учурлары чарбакер субъекттер тарабынан болуп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан контейнерлердин санын көбөйтүү милдети коюлган. 2023-жылы 530 контейнер сатылып алынган.