Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды 

 Пекин шаарында Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандын делегациясына айыл чарба министринин орун басары Маил Алияскаров жетекчилик кылды.

Алияскаров өз сөзүндө Кытай менен айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана эки өлкөнүн артыкчылыктары катары айыл чарбасына инновациялык ыкмалар, сууну туруктуу пайдалануу жана мал чарбачылыгынын заманбап ыкмалары сыяктуу негизги аспектилерди белгиледи.

Кыргызстандын аймагында алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап лабораторияны куруу маселесин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Министрдин орун басары инфраструктуралык долбоорлордун улуттук экономиканы чыңдоо жана айыл чарба тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт азыктарын импорттоо жана экспорттоо маселелери талкууланды. Тараптар сооданы оптималдаштыруу жана айыл чарба рыногунун туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча пикир алмашышты.

Маил Алияскаров мындай жолугушуулар Кыргызстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү этабы катары билдирди.