Бишкекте №34 жана №146 автобус каттамдарынын схемасы өзгөртүлдү

Муниципалитеттен билдиришкендей, №34 автобустун каттамы Шоро компаниясынан жаңы автобекетине чейин узартылды. Ал эми №146 автобус Мыкан айылына жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Мыкан айылынын тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынган.