Бишкекте кармалган 11 журналисттин баары 2 айга камалды

Man in prison hands of behind hold Steel cage jail bars. offender criminal locked in jail.

ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген 11 журналисттин баары СИЗО-1ге камакка алынды. Алардын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда 17-январда каралды.

  • Махабат Тажибек кызы
  • Сапар Акунбеков
  • Азамат Ишенбеков
  • Сайпидин Султаналиев
  • Актилек Капаров
  • Тыныстан Асыпбеков
  • Максат Тажибек уулу
  • Жоодар Бузумов
  • Жумабек Турдалиев
  • Айке Бейшекеева
  • Акыл Орозбеков

Белгилесек, жогорудагы журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылды.