Бишкектин чет жакасында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады

 Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин чет жакасында Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

“Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те “Фрунзе – 1″ авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Учак 203. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, КР Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн тик учагы кондууга аргасыз болгон. Жабыркагандар бар.

“Коргоо министрлигинин жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кызмат адамдары тарабынан бул окуянын чоо-жайын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк билдирилет”, – деп айтылат маалыматта.