Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын чарчап калышы. Дарыгер кармалды

Тиш тазалатууга барып чарчап калган үч жашар бөбөк окуясы боюнча 31 жаштагы Т.А. аттуу тиш дарыгери кармалды

Ал кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталууда. Кылмыш иши козголуп, аял Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Экспертизанын жыйынтыктары бөбөк “препараттарды колдонгондо өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон” улам көз жумганын көрсөткөн. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы кабарлады.

Үрөй учурган окуя Бишкектеги стоматология борборунда болгон. Үч жаштагы кыз тиш тазалатууга барып чарчап калган.