Ташиев: Жамгырчиевди камайын деген оюубуз жок, айтып койгула, качпай келе берсин

Камайлы деген ой жок болчу. Ташиев депутат Жамгырчиевдин качып кеткени боюнча парламентте эмне деди?

Эмил Жамгырчиевди камайын деген оюубуз жок, айтып койгула, качпай келе берсин. Бул туурасында Камчыбек Ташиев билдирди.

“Кармабайбыз, камабайбыз, сотко өткөрүп беребиз, териштирет”, — деди УКМК төрагасы

Ал чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен буга чейин бир да адам камалбаганын эске салды.


Депутат Жамгырчиев Өзбекстандын кримтөбөлү Салимбай байбачага кайрылып, Камчыбек Ташиевди жоопко тартып берүүнү суранган. Бул тууралуу УКМК төрагасы билдирди.

Ал коңшу өлкөнүн кримтөбөлүнө 10 барактан турган кат жазып жөнөткөнүн айтты.

“Салимбай ака, сизди Орто Азияда баары сыйлайт. Кыргызстанда башаламандык болуп кетти, жогорку кызмат адамдарын тартипке салып бериңиз” деп жардам сураганын айтты.

Ташиев ошого карабай Жамгырчиевди камабай турганын, чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча гана тергелерин белгиледи.

Кеңеш башкы прокурорго Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

Залда отурган 69 депутаттын баары “макул” деген добуш берди.