Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогуна катышуу үчүн Катарга келди  

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогуна катышуу үчүн Доха шаарына (Катар) келди. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү
Таиланд20:30КыргызстанАбдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия23:30ОманХалифа стадиону
21-январь | экинчи 2-оюн күнү
Оман20:30ТаиландАбдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан23:30Сауд АравияАхмат бин Али стадиону
25-январь | 3-оюн күнү
Кыргызстан21:00ОманАбдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия21:00ТаиландЭдьюкейшн сити стадиону

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдындагы улуттук кураманын машыктыруучулар штабы 2023-жылкы Азия Кубогуна үчүн кураманын акыркы тизмесин жарыялады. Кураманын тизмеси 26 оюнчудан турат.

Дарбазачылар

  • Токотаев Эржан («Шанлыурфаспор», Түркия);
  • Исламкулов Марсель («Абдыш-Ата»);
  • Чомоев Султан, Нурланбеков Курманбек (экөө тең «Дордой»).

Коргоочулар

  • Жыргалбек уулу Кайрат (Абдыш-Ата»);
  • Браузман Християн (Абдыш-Ата»);
  • Акматов Айзар (Абдыш-Ата»);
  • Дүйшөбеков Бактыяр;
  • Козубаев Тамирлан («Истерн», Гонконг);
  • Сагынбаев Бекжан;
  • Мамыралиев Сүйүнтбек;
  • Мищенко Александр («Дордой»);
  • Шамурзаев Амантур («Абдыш-Ата»).

Жарым коргоочулар

  • Абдурахманов Одилжон;
  • Кадыржанов Адиль («Дордой»);
  • Мерк Кай («Унион Титус Петанж», Люксембург);
  • Алмазбеков Бекназ («Галатасарай», Түркия);
  • Мерк Кими («Пахтакор», Өзбекстан);
  • Алыкулов Гүлжигит («Неман», Беларусь);
  • Сталбеков Нурдөөлөт;
  • Джумашев Атай (Абдыш-Ата»);
  • Мусабеков Фархат (Абдыш-Ата»)
  • Азаров Азим («Абдыш-Ата»).

Чабуулчулар

  • Батырканов Эрнист («Абдыш-Ата»);
  • Жоэл Кожо («Динамо-Самарканд», Өзбекстан);
  • Токтосунов Дастан («Нефтчи»).